"Азия Молл" соода борборунда өрт чыгып, беш бригада тартылды. Видео

Окуянын күбөлөрү коюу кара түтүн чыгып жаткан видеону жиберип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектин "Азия Молл" соода борборунда өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо менен күрөшүүгө өрт өчүрүүчү төрт автоунаа, бир автошаты тартылган.
Окуянын күбөлөрү соода борбордун чатырынан коюу кара түтүн чыгып жаткан видеону жиберип жатат.
ӨКМ саат 17:28де жалын чектөөгө алынганын кошумчалады.
Өрттү аралап кирип, адамдарды куткарган казакстандык өрт өчүрүүчүлөрдүн видеосу