Жапаров: салык – бул жакшылыктын айлампасы, аны төлөгөндү үйрөнүшүбүз керек

2022-жылдын ичинде кассаны көзөмөлдөгөн машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салык — жакшылыктын айлампасы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Премьер-министр Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кеңейтилген коллегиясына катышкан. Анын жүрүшүндө ведомствонун 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана быйылкы жылга карата пландары каралды.
"Биз жаңы салыктарды киргизген жокпуз, салыктын ставкаларын да көтөргөн жокпуз. Салык системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча эбегейсиз чоң иштер аткарылды. Анын натыйжасы көп күттүргөн жок. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, Салык кызматы тарабынан 207 миллиард 901,6 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулуп, белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго ашыкча аткарылган. Чогултулган сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча иштерди белгиледи. Анын алкагында 2022-жылдын ичинде кассаны көзөмөлдөгөн машиналарды колдонгон ишкерлердин саны дээрлик үч эсеге көбөйгөн.
"Учурда 65 миңден ашык ишкердик субъектилер кассаны көзөмөлдөгөн аппараттарды колдонот. Биз салык төлөөнү үйрөнүшүбүз керек. Салыктар "жакшылык айлампасы" деп аталат, анткени каражат андан ары эмгек акыны, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрүүгө, инфраструктурага, экономиканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукту чыңдоого инвестиция салууга жумшалат. Салыктарды чогултуу 2022-жылы жөлөк пулдардын эки эсеге көбөйтүлүшүн, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууну камсыз кылды. Бул чек эмес, калкты социалдык жактан колдоо боюнча иштер улантылат", — деди Жапаров.
Коллегиянын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы бир катар тапшырмаларды берип, үстүбүздөгү жылы фискалдык органга чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн, анда консолидацияланган бюджеттин көлөмү 503 миллиард сом өлчөмүндө бекитилгендигин белгиледи.
Бишкек чоң айылга айланып калышы мүмкүн. Жапаров шаардыктарга кайрылды