Путин: Афганстанда 4 миллионго чукул киши жардамга муктаж

Бул тапта Афганстандын калкынын саны 40 миллионго чукулдап барат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Афганстанда абал жакшы болбой жатат, соңку маалыматтар боюнча, аталган өлкөдө төрт миллиондун тегерегиндеги эл чукул берилчү гуманитардык жардамга муктаж болуп турат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Ал кыл баалоолорго карата, бул тапта Афганстандын калкынын саны 40 миллион адамга чукулдап барат.
"Өлкөдө абал жакшы болбой турат, муну көрүп жатабыз. Гуманитардык абал улам курчуп бара жатат. Биздин маалыматтарга караганда, болжол менен төрт миллиондой адам чукул арадагы гуманитардык жардамга муктаж болууда", — деген Путин ар кыл мамлекеттерин коопсуздук катчыларынын афган маселесине арналган жыйынында сүйлөп жатып.
Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары/улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышкан.
Афган маселелери боюнча РФтеги жолугушууга Иманкулов катышты. Путин сөз сүйлөдү