Афган маселелери боюнча РФтеги жолугушууга Иманкулов катышты. Путин сөз сүйлөдү

Путин түштүк чек араларда чыңалуунун жаңы жерлери пайда болбошу керектигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Москвада ар кыл мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук кеңешчилеринин афган маселелери боюнча Бешинчи көп тараптуу жолугушуусу өтүп, ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов барды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Москвада ар кыл мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/улуттук коопсуздук кеңешчилеринин афган маселелери боюнча Бешинчи көп тараптуу жолугушуусу өтүп, ага Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов барды

2 / 2

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары/улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышкан.

Иш-чарага Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары/улуттук коопсуздук кеңешчилери жана Кытай менен Түркмөнстандын дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышкан.
Катчылар андан соң Кремлде Россия президенти Владимир Путин менен жолукту.
Марат Иманкулов Афганистанда террорчулукка, экстремизмге жана наркотрафикке каршы күрөшүү жагынан да, гуманитардык чөйрөдө да абал өтө оор бойдон калып жатканын белгиледи. Мындай жагдай коңшу өлкөлөр жана бүтүндөй регион үчүн кооптуулуктун деңгээлин жогорулатат.
Жолугушууда Путин дүйнөдөгү башка чатактар, анын ичинен Украина багыты Афганистан кырдаалынын маанисин азайтып жибербей тургандыгын айткан. Россия түштүк чек араларда чыңалуунун жаңы жерлеринин пайда болушун каалабастыгын билдиргени Кремлдин сайтына жазылды.
"Бүгүнкү күндө дүйнөдө, анын ичинен Россияга жакын аймактарда чатактар көп экендиги түшүнүктүү, анын ичинде Украина багыты бар. Баарын жакшы түшүнүп, өзүбүзгө отчет бере алабыз. Бирок бул Афганистандагы кырдаалдын маанилүүлүгүн азайтып жибере албайт. Биз үчүн ар дайым маанилүү болуп келген, бүгүн эки эсе маанилүү, себеби түштүк чек араларда чыңалуунун жаңы жерлеринин пайда болушун каалабайбыз", — деген Путин коопсуздук кеңештердин катчылары менен жолугуп жатып.
Путин: Афганистандагы террорчулар чек арадагы өлкөлөргө коркунуч жаратышы мүмкүн