БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түркияда болгон зилзала соңку маалыматтарга караганда 5 894 адамдын өмүрүн алса, Сирияда бул сандар 1 250гө чыкты.
РИА Новостинин маалыматына таянсак, жаракат алгандар 34 810 адамга жетти. Ал эми Сирияда 2 054 киши жабыркаган.
2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Мамлекеттин башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Ошол эле күнү түш ченде жер кайрадан титиреп, магнитудасы 7,6га жеткен. Түркиялык сейсмологдордун айтымында, зилзаладан Газиантеп шаары көбүрөөк жабыр тартты.
Түркияда жети күндүк жалпы аза күтүү жарыяланды, 10 провинцияда бул кырсыктан улам үч айлык өзгөчө кырдаал киргизилди.