Жогорку Кеңеш ишин Түркиядагы зилзалада мертингендерге аза күтүү менен баштады

Жогорку Кеңеш дагы Түркия парламентине көңүл айтуу телеграммасын жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиядагы катуу жер титирөөдө набыт болгондорго бир мүнөттүк аза күтүү менен ишин баштады.
Спикер Нурланбек Шакиев катталган зилзаланын кесепетинен расмий маалымат боюнча 5 000дей адам набыт болгонун белгиледи.
"Жогорку Кеңештин атынан боордошторубузга, түрк парламентине көңүл айтуу жөнөттүк. Бүгүнкү жыйналышты Түркиядагы курмандыктарды эскерип бир мүнөттүк аза күтүү менен баштасак", — деди Шакиев.
Андан соң бир катар депутаттар дагы сөзгө чыгып Түркия элине көңүл айтышты.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда болгон зилзала 5 894 адамдын өмүрүн алса, Сирияда бул сандар 1 250гө чыкты.
Жаракат алгандар 34 810 адамга жетти. Ал эми Сирияда 2 054 киши жабыркаган.
2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Мамлекеттин башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.
Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне кеп болду?