Атайын борт менен Түркиядан 17 кыргызстандык эвакуацияланды

Газиантеп жана Кахраманмараштан 20дан ашык кыргызстандык Анталья, Аланья жана Анкарага жеткирилди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 17 кыргызстандык Казакстандын атайын учагы менен эвакуацияланды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Бул маселенин үстүндө Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Стамбул жана Антальядагы Башкы консулдуктар менен биргеликте иш алып барды. Түркиядан атайын рейс Астанага учуп келген.
"Казакстанда КР элчилиги эвакуацияланган жарандардын андан ары мекенине жетүүсүнө көмөк көрсөтөт", — деп билдирди министрлик.
Мындан тышкары, Газиантеп жана Кахраманмараштан Анталья, Аланья жана Анкарага 20дан ашык кыргызстандыктар эвакуацияланган. Ошондой эле Хатайдан 10 кыргызстандык коопсуз аймактарга жеткирилди.
Кыргызстандан барган куткаруучулар Кахраманмараш шаарында ишке киришти. Видео