Пресс-борбор

"Тазалыктын" жаңы жетекчисинин тарифтер жана таштанды боюнча брифинги

Иш-чара шаршемби күнү, 8-февралда, саат 10:00до онлайн форматта өтөт. Ал эми түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунун "Вконтакте" түйүнүндөгү баракчасында көрсөтүлөт.
Sputnik
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жаңы директору Рамиз Алиев турак жай-коммуналдык чарба кызматтарынын тарифинин көтөрүлүшү, таштанды чыгаруу маселеси жана мэриянын бул жылы шаарга санитардык тазалоо жүргүзүүнү пландап жатканы боюнча айтып берет.
Урматтуу кесиптештер, суроолорду (0553) 28-27-97 Telegram номерине жөнөтсөңүздөр болот. Модератор аларды түз эфирде окуйт.