Пресс-борбор

Ишкана жетекчиси: "Тазалыкчылардын" айлыгы 100 пайыз көтөрүлдү

Иштегендер январдын көбөйгөн айлыгын февралдын ортосунда ала алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. "Тазалык" ишканасында эмгектенгендердин айлык акысы 100 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Рамиз Алиев Sputnik Кыргызстанда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымына караганда, "Тазалыкчылар" январдын көбөйгөн айлыгын февралдын ортосунда ала алышат.
Алиев аталган мекеменин бюджетин санитардык тазалоо иштери үчүн көбөйтүшкөндүгүн, 1 554 жумушчунун ичинен бул багытта 1 100ү иштээрин айткан.
"Шаар 1200 технологиялык картага бөлүнгөн. Ар биринин өзүнүн баасы бар, короо шыпыргыч ошол тилкелерди тазалаганы үчүн айлык алат. Ар бирине үч картадан каралган, бирок кээ бир жерлер тазаланбай жатканы боюнча сын-пикирлер айтылды. Ар бир "тазалыкчы" бирден алгандай кылып, аталган картаны 750гө чейин кыскарттык", — деди ал.
Алиевдин түшүндүргөнүнө караганда, ар бир жумушчу кеминде 22 000, ал эми жогору болгондо 35 миң сомго чейин алат.
Мурункулар жогорулатуудан коркушкан. Мэр таштандыга тарифти көтөрүү тууралуу