Соода-сатык менен алектенген ишкерлер үч айда 1,2 млрд. сом салык төлөдү

Жалпысынан Кыргызстан боюнча 337 базар иштеп жатканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы базарларда иштеген соодагерлер 2022-жылдын төртүнчү кварталында (октябрь-декабрь) мамлекетке 1 миллиард 174,8 миллион сом салык төлөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчётунда жарыяланды.
Тагыраак айтканда, соода жайларын колдонгону үчүн жыйымдар 81 223 соода жайдын жана 1 145 дүкөндүн ээсинен чогултулган. Бир орун үчүн орто эсеп менен күнүнө 112 сомдон төлөшкөн. Эң жогорку ставка Бишкек шаарында (259 сом), төмөнкүсү Ысык-Көл облусунда (55 сом).
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 337 базар иштеп жатканы белгиленди.
Бишкек бийлиги мүлк салыгын көтөрүүнү карап жатат