БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.
Жапаров дагы бир жолу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан жер титирөөлөрдүн кесепетинен улам көп сандаган адамдардын өлүмүнө байланыштуу түрк элине жана анын лидерине көңүл айткан.
"Ал каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабырдуулук, ал эми жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Ушул кыйын учурда Кыргызстан боордош Түркиянын жанында болгонун жана кошумча гуманитардык жардам түрүндө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Буга чейин мамлекет башчынын тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар, медицина кызматкерлери, психологдор жана кинологдордон турган атайын топ Түркияга жөнөтүлгөн.
Жапаров түрк элинин каармандык сапаттарын белгилеп, Түркия бул оор күндөрдү кайраттуулук менен басып өтөрүнө ишенимин билдирген.
Эрдоган Жапаровго жана Кыргызстан элине кыйын учурда колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирген.
Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралында таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген.
8-февралга карата берилген маалымат боюнча, зилзаладан Түркияда 5 894 киши каза таап, 34 810 адам жаракат алганы айтылды. Сирияда жер титирөө 800 адамдын өмүрүн алып, 1440ын жарадар кылган.
Ошол эле күнү түш ченде жер кайрадан титиреп, магнитудасы 7,6га жетип, бир топ аймактар жабыр тарткан.