Көчкү түшүшү мүмкүн. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдордо, ашууларда көчкү түшүү кооптуулугу бар. Мындай шашылыш билдирүүнү ӨКМ таратты.
Бул 9-11-февралда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу экендигин айтышты.
Кооптуу жерлер:
Бишкек — Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу) жана 198-265-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымдары (Өтмөк ашуусу);
Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 70-107-чакырымдары;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-113-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
Красная-Горка — Ак-Таш жолунун 2-чакырымдарында көчкү түшүп, күрткү жаралышы күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
ӨКМ жолдогу автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарылдыгын эске салды.
Кар жаайт. Келерки аптада Кыргызстанда аба ырайы кандай болот?