БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Нарында облус жетекчисинин аракети менен 25 бүтүрүүчү Медициналык академияда акысыз окутулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга президенттин өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Бүгүнкү күндө Нарын облусуна 158 дарыгер жетишсиз. Медиктердин жетишсиздиги көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген. Бул маселени чечүү үчүн облус жетекчиси Алтынбек Эргешов ар бир райондон бештен бүтүрүүчүнү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан окутуу аракетин көрүп жатат. 25 студентти окутуу үчүн "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан шарттуу грант бөлүнүп берилет.
"Медициналык академияга тапшыра тургандар боюнча жакшы окуган, жоопкерчиликтүү, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл менен өткөндөргө басым жасалат. Эң негизгиси окуусун ийгиликтүү аяктагандан кийин Нарын облусуна дарыгер болуп кызмат кылууга каалоосу бар жаштар тандалат", — деген өкүлчүлүктөн.
Каржылап окутуу маселесинде студенттердин ата-энеси менен келишим түзүлөт. Эгер келишимдин шарты бузулса же окууну бүткөндөн кийин Нарынга иштебей койсо төлөнгөн гранттык каражат кайтарылып алынарын айтты.
Облустук администрациядан кийинки жылдары студенттердин саны көбөйтүлөрү күтүлүп жатканын кошумчалаган.