Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен февраль айында өлкө боюнча эркектер мамлекеттик ооруканаларда медициналык текшерүүдөн акысыз өтө алат. Бул тууралуу Нурлан Галбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буйруктун негизинде "Жооптуу бол" акциясы башталган.
"Аталган акциянын негизги максаты — 18 жаштан өйдө мырзалардын ден соолугун кароо. Медициналык текшерүүнүн натыйжасында ар кандай оорулардын алдын алууну көздөп жатабыз. Баарыбызга маалым болгондой, биз, мырзалар, апабыздын, жубайыбыздын жана балдарыбыздын ден соолугун карап, көп учурда өзүбүздүн саламаттыгыбызга анча маани бербей келебиз. Ошондуктан жер-жерлерде "Жооптуу бол" акциясынын алкагында эркектерди акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Бардык мырзалар мартка чейин бул кызматтан пайдалана алышат. Мындай кадам менен оорулардын күчөп кетишин алдын ала аласыздар", — деди директор.
Ал мырзалардын көбү ден соолугун чың деп ойлой турганын, бирок текшерүүдөн өткөндөн кийин бир канча оору бар экенин билишерин кошумчалады.