БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Кыргызстанга мурда айтылгандан да кубаттуу атомдук электр станция куруу керек деп эсептейт.
Бул тууралуу ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Борбор Азиядагы энергетикалык каатчылык, андан кантип чыгуу керек?" деп аталган тегерек столдун жүрүшүндө айтты.
Султанбаевдин пикиринде, Өзбекстан менен Казакстанда электр кубатын генерациялоо боюнча көйгөй бар, андыктан бул өлкөлөр атомдук энергетиканы өнүктүрүшөт.
Ал Кыргызстандын аталган жаатта иштеп жаткандыгын белгиледи. Себеби азыр өлкө суу аз болгон учурду башынан өткөрүп жатат. Каатчылык, электр кубатын сырттан сатып алууга аргасыз кылды.
"Бул бизге жаратылыш шарттарына көз каранды болбогон альтернативаны — атомдук энергетикага ээ болушубуз керектигин көрсөтөт. Азыр жолдорун караштырып жатабыз", — деди министрдин орун басары.
Султанбеков азыраак кубаттуулуктагы АЭСтерди куруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап көрүү максатында "Росатом" менен меморандумга кол коюлгандыгын эске салды. Кеп кубаттуулугу 50 мегаватт болгон эки станция туурасында жүрүп жатат.
"Кубаттуулугу 50 мегаватт болгон эки станция эч нерсени чече албайт деп ойлоп жатабыз. Бул мегаваттын босогосу, менимче, көтөрүлүшү керек. Эгерде кура турган болсок, 300 мегаваттыкты салалы", — деген Султанбеков.
Ал 300 мегаватт кубаттуулук ар бир станцияныкы же бириктирилгени боюнча экендигин так айткан жок.
Султанбеков бул маселе элдин талкуусуна коюларын кошумчалады.