Облустарда кыска убакыт иштеген канча бала бакча ачылат. Тизме

Мектепке чейинки өнүктүрүү борборлорунун көбү Жалал-Абад дубанында ачылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстан боюнча балдардын кыска убакытка иштеген 60 борбору (бала бакча) ачыларын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Жогорудагы жайлар 3-5 жаштагы бөбөктөр үчүн каралган, сабак күнүнө үч сааттан болору маалымдалды.
Министрликке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жогорудагыдай борборлорду түзүү боюнча 105 кайрылуу-арыз келип түшкөн.
Жакында оңдоп-түздөө иштерине тендер жарыяланары айтылды. Ар бир борборго эмерек, килем, оюнчук жана окута турган материалдар алынары, бөбөктөрдүн аянтчалары салынарын билдиришти.
Өзгөчө окутууну талап кылган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга тиешелүү шарттардын түзүлөрүн да белгилешкен.

Мектепке чейинки өнүктүрүү борборлору төмөнкү жерлерде ачылат:

Баткен облусу (4):
Баткен району – 2;
Лейлек району – 2.
Жалал-Абад облусу (15):
Чаткал району – 2;
Аксы району – 2;
Ноокен району – 2;
Базар-Коргон району – 5;
Сузак району – 4.
Ош облусу – (12):
Кара-Кулжа району – 2;
Алай району – 3;
Араван району – 5;
Ноокат району – 2.
Талас облусу – 12:
Манас району – 4;
Кара-Буура району – 8.
Нарын облусу – (3):
Нарын району – 2;
Ат-Башы району – 1.
Ысык-Көл облусу – (6):
Жети-Өгүз району – 1;
Ак-Суу району – 5.
Чүй облусу – (8):
Аламүдүн району‎ – 1;
Панфилов району – 1;
Кемин району‎ – 2;
Ысык-Ата району – 4.
Радио
Касымова: өлкөдө бала бакчалардын саны быйыл 1,4%га өстү