Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүү 4 күндөн кийин башталат

Тараптар Өзбекстандын аймагында жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 12-февралда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин чек ара боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, тараптардын жолугушуусу Өзбекстандын аймагында өтөт.
"Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 12-февралда башталып 18не чейин созулат", — деди Бөрүбаев.
Демаркация – чектеш мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик чек араларды аныктоо жана өзгөчө чек ара белгилери менен белгилөө.
Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 26-январда келген. Өлкө жетекчилеринин жолугушуусунда президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо иштери толук аяктаганын билдирген. Ошол күнү тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.
Делимитация – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Аныкталган жерлер картада графикалык жактан сүрөттөлөт.
Кыргыз-өзбек чек арасы: тараптар ратификациялык грамоталар менен алмашты