Радио

Өлкөдө 20дан ашуун кичи ГЭС курулууда. "Чакан ГЭСтин" маалыматы

"Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Нурлан Садыков аталган ишкананын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.
Sputnik
Өткөн жылы "Чакан ГЭС" ишканасы 142 миллион кВт саат электр энергия өндүрдү. Бул тууралуу Нурлан Садыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкана максималдуу түрдө 38,6 мегаватт электр энергия өндүрө алат.
"Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан, кичи ГЭСтерди куруу ыңгайлуу жана келечектүү. Көптөгөн жеке ишкерлер бул багытта аракет кылып, бирок натыйжасы көп жакшы эмес. Анткени айрым чакан дарыяларда мезгил-мезгили менен суу көбөйүп, кайра тартылып турат. Ошондуктан кичи ГЭСтерди куруу үчүн суунун келиши, жер кыртышы боюнча гидро чалгындоо, изилдөө жүргүзүү зарыл. Болбосо ишкерлер чыгымга учурап калышы толук ыктымал. Анткен менен өлкөдө союз кезинен, андан бери да изилденип кичи ГЭС курууга ыңгайлуу жерлер аныкталган. Мисалы, учурда өлкө боюнча 20дан ашуун чакан ГЭС курулууда. Алар кийинки жылга кошумча кубаттуулук берет деген үмүт бар. Булардын ичинен мамлекеттин каражаты менен Бала-Саруу ГЭСи курулууда. Анын кубаттуулугу 25 мегаватт болуп, ушул жылдын соңуна чейин курулуп бүтөт. "Чакан ГЭС" ишканасы максималдуу түрдө 38,6 мегаватт электр энергия өндүрө алат. Бул суунун агып келүүсүнөн көз каранды. Өткөн жылы "Чакан ГЭС" ишканасы 142 миллион кВт саат электр энергия өндүрдү", — деди Садыков.
Ошондой эле ал Орто-Токой суу сактагычына чакан ГЭС куруу боюнча план бар экенин кошумчалады.