Бул кыш Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык кризисти ачык көрсөттү. Электр энергиясы өтө тартыш экени даана байкалды, жабдуулар эскирип жана керектөөчүлөр көбөйгөнүнөн улам жарык өчүрүүлөр башталган. Биздин өлкөлөрдө газ киргизүүгө басым жасаса болобу? Борбор Азия өлкөлөрүнүн атомдук энергетика долбоору кырдаалды жайгара алабы? Мындан башка дагы кризистен чыгуунун кандай жолу бар? Ушул жана башка маселелер талкууланат.
Тегерек столго чакырылгандар:
Султанбеков Сабырбек Укушович — энергетика министринин орун басары;
Алдаяров Арзымат Нуркулович — "Газпром Кыргызстан" ишканасынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары;
Притчин Станислав Александрович — Россиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер боюнча улуттук изилдөө институтунун улук илимий кызматкери;
Рахимов Кубат Калыевич — "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун аткаруучу директору;
Алиев Ибрагим Эсенович — "Электр станциялары" ААКнын келечектеги өнүгүү жана капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары.