Жогорку Соттун төрагасы: соттор толук көз карандысыз болду дегенден алысмын

Базарбеков сот тармагында жасалып жаткан реформалар тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялар толук кандуу көз карандысыз боло албай жатканын белгиледи.
Ал бүгүн парламентте депутаттын сот реформасы тууралуу берген суроолоруна жооп берген.
"Соттордун укуктары чектелип калган деп ачык эле айтып коёюн. Ооба, соттордун көз карандысыздыгы Конституцияда жазылган. Бирок ошол боюнча эле көз карандысыз болуп калган жокпуз да. Экинчиси — бирөөнүн алдында көз карандысыздыгын жоюу үчүн эмгек маянасы көбөйдү. Бул да сот реформасын жүргүзүү үчүн жасаган аракетибиз болду. Бирок соттор көз карандысыз болдубу? Албетте, толук кандуу, жогорку деңгээлде болду дегенден алысмын", — деди Жогорку Соттун төрагасы.
Ошондой эле ал судьялар "туугандарынын ишин карайт экен" деген даттануулардан улам ротация жүргүзүлгөнүн белгиледи.
"Анализ кылып көрсөк чындыгында ошондой экен. Алдын ала эле "бул менин тууганым, күйөө балам же башка эле" деп чечим кабыл алып койгондор болгон. Ротацияны 100 пайызга жүргүздүк, бул өтө оор болду. Азыркыга чейин жаман көрүнүп жатабыз, ортого киши салып жатышат. Бишкектин ичинде эле ар районго барып айланып жүргөн экен. Азыр региондорго котордук. Муну сот реформасынын дагы бир кадамы деп эсептесек болот. Соттордун ишинин сапатына өтүүгө дилгирбиз", — деди Базарбеков.
Аны менен катар эми санариптештирүү өнүксө, соттордун көз карандысыздыгына жакшы таасири тие турганын билдирди.
Жогорку соттун төрагасы: судьялар тазаланат, мыйзам бузса жаап-жашырбайбыз