Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Кылымдарга созулчу сыноо". Байден Конгресске кайрылуусунда эмнелерге токтолду

Байден чыгып сүйлөгөнгө чейин Ак үй президенттин кайрылуусунун текстин таратты. Анда Владимир Путин тууралуу төрт ирет айтылган, ал эми Россия сөзү кездешкен эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиянын Украинадагы согуштук атайын операциясы "Кылымдарга созулчу сыноо" болду. Мындай пикирди АКШнын президенти Жозеф Байден айтканын РИА Новости жазды.
Шейшемби күнү кечинде ал Конгресстин эки палатасынын биргелешкен отурумунда "Өлкөнүн абалы" деген аталыштагы жылдык кайрылуусун жасаган.
"Америка үчүн да, дүйнө үчүн да сыноо болуп калды (кеп атайын операция туурасында болууда — ред.)", — деген Байден Киевге мындан ары жардам берүү уланарын айтты.

Андан сырткары төмөнкүлөргө токтолду:

Мыйзамчыларды мамлекеттик карыздын жогорку чегин өткөн жылдардын мисалынан туруп "алдын ала коюлган шартсыз эле" көтөрүүгө чакырды. Байдендин айтымына караганда, бир катар республикачыл-саясатчылар "АКШнын экономикасын барымтага алууга" даяр. Эгерде айтылган экономикалык программасын жактырышпаса, анда алардын планы кандай экендигин бүтүн өлкө билиши керек;
Кошмо Штаттарда чабуул коюучу куралдарды айландырууга "биротоло, таптакыр" тыюу салууну киргизүү зарылдыгын жарыялады;
Вашингтон НАТО өлкөлөрүнүн башын бириктирип, РФтин Украинадагы атайын согуштук операциясына каршы туруучу коалицияны түптөгөнүн жар салды;
Байден коронавирус пандемиясы менен Россиянын Украинадагы атайын операциясынын кесепетинен жаралган рекорддук инфляцияны түшүндүрүп берди. Ал баалардын өсүшүн "глобалдуу көрүнүш" деп баалап, бул темпти АКШда азайтып, жайлатууну өзүнө алды. Анткен менен Байдендин айтымына караганда, дүйнөдө башкаларга салыштырмалуу АКШ инфляциялык кооптуулукка даяр турган эле.
РИА Новости Байден чыгып сүйлөгөнгө чейин Ак үй президенттин кайрылуусунун текстин таратканын жазды. Анда Владимир Путин тууралуу төрт ирет айтылган, ал эми Россия Федерациясы сөзү бир да жеринде кездешкен эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россия менен тирешүү ойлогондон бир топ оор экенине көзү жетти