Радио

Мамытов: Кыргызстан чыгыш экономикасынын моделин алышы керек

Мамлекеттик башкаруу академиясынын жаңы экономика боюнча илимий изилдөө кафедрасынын башчысы, экономист Улукман Мамытов Кыргызстан чыгыш экономика моделин изилдеп, анын үлгүлөрүн алышы керектигин айтты.
Sputnik
Дүйнө экономикасы батыштык моделде иштеп келет. Бирок ал Кыргызстандын экономикасына жакшы сыйбай калган. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Япония, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык жактан тажрыйбасын, стратегиясын карап, колдонуу керек.
"Бүгүнкү күндө дүйнө экономикасы бир топ өзгөрүп жатат. Буга чейин дүйнө экономикасы батыштык моделде иштеп келген. Кыргызстандын экономикасына көп туура келбей калган. Биз чыгыш экономика моделин изилдеп, анын үлгүлөрүн алып, иштетишибиз абзел. Мисалы, Япония, Кореянын ишканаларынын ишин карап, өкмөттөрүнүн стратегиясы, максаттарын колдонуу керек. Учурда биздин жогорку окуу жайларда батыштык модель окутулуп, экономисттердин көбү ошону кабыл алышууда. Альтернативдүү багытын да карап көрүү зарыл. Анткени чыгышта бизге туура келген, даяр жолдор бар", — деди Мамытов.
Ошондой эле адис ички сооданын өнүгүшүнө көңүл буруп, бул жаатта инфраструктураны оңдоо маанилүүлүгүн кошумчалады.