Баткендин акими кызматтык автоунаасы менен кырсыктаганы айтылды

Окуя 18-январда болгон. Машинанын айдоочусу жол тайгалак болгондуктан рулду башкара албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош — Баткен — Раззаков автожолундагы Тогуз-Булак айыл аймагында (Лейлек району) Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү машина кырсыктаган. Кабарды Sputnik агенттигине Баткен облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов тастыктады.
Анын айтымында, окуя 18-январда болгон. Машинанын айдоочусу жол тайгалак болгондуктан рулду башкара албай калган.
"Кырсыктын кесепетинен эч ким жаракат алган эмес, ооруканага да кайрылган киши болгон жок. Машина Баткен районунун акими Учкун Жоробековдун кызматтык унаасы болгон", — деди Мамытов.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, кырсык болгон учурда унаада Учкун Жоробеков жана анын айдоочусу болгон. Жоробеков ал күнү Раззаков шаарындагы аэропортко бара жаткан.
Пресс-борбор
ЖКККББ: былтыр жол кырсыгынан Кыргызстанда 690 адам каза болгон