Кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен кармалгандар 13 жылга камалды

Кара-Буура районунун төрт тургуну былтыр 3-февралда кармалган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасынан 11 килограмм баңгизат менен колго түшкөн жарандар 13 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Талас облусунун Кара-Буура райондук соту 30-январда төрт айыпталуучуга карата өкүм чыгарган. УКМК кызматкерлери тарабынан өткөн жылдын 3-февралында салмагы 11 килограммдай үч таңгак баңгизатын Аманбаев атындагы чек ара бекетинен мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.
"Кара-Буура районунун тургундары А.М.А., К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо") менен күнөөлөнгөн. Тергөө жана соттук териштирүүлөрдө кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденди", — деп айтылат маалыматта.
Тагыраак айтканда, А.М.А. аттуу жаран 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом айып салынган. УКМК кызматкерлерине пара катары сунуштаган 2 миллион 745 миң сом жана 2 миң доллары мамлекеттик бюджетке алынганы белгиленди. Ал эми К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга кесилген.
Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды жасаган лаборатория табылды. Видео