Радио

Кыргызстанда ата-энелер мектеби программасы иштеп жатат. Чоо-жайы

Билим берүү жана илим министрлигинин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова ата-энелер мектеби иштеп жатканын айтты.
Sputnik
2021-2026-жылдарга инсандын руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча Билим берүү министрлигинин буйругу чыгып, иш планы бекитилген. Ага ылайык, алгач концепциянын багыттары, максаттары менен жалпы билим берүү мекемелерин тааныштыруу иштери жүрдү. Бул тууралуу Индира Токонова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, концепцияда үй-бүлө адамдын инсандык, адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн пайдубалы катары көрсөтүлүп, аталган институттун бекемделишине өзгөчө көңүл бурулган.
"Алдыдагы беш жылга карата инсандын руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган концепцияда үй-бүлө институтун бекемдөө биринчи жана негизги багыт болуп белгиленген. Мунун алкагында биз мектепке чейинки курактагы жана мектеп жашындагы балдар менен иштөө программаларыбызды баштадык. Үч, беш жашка чейинки балдардын дүйнө таанымын кеңейтип, инсандык өнүгүүсүнө салым кошуу максатында Bebboo тиркемесин ишке киргиздик. Мобилдик тиркеме аркылуу ата-энелер балдарды эрте өнүктүрүүгө багытталган өзүбүзгө ылайыкташтырылып, которулган түрдүү материалдар, көндүмдөр, оюндарды таба алышат. Ошондой эле 272 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана 522 жалпы билим берүүчү жайларда ата-энелерди окутуу программасы иштеп жатат. Ата-энелер мектеби программасынын максаты — баланы тарбиялоодо ата-эненин педагогикалык деңгээлин жогорулатуу. Сабактар айына бир ирет, атайын тематикага бөлүнүп окутулат. Аны класс жетекчилер же тренер катары белгилүү бир мугалимдер өтөт", — деди Токонова.
Адис ата-энелерди аталган долбоорго жоопкерчиликтүү карап, активдүү катышууга чакырды.