Улуттук банк кечээ рынокко 47,1 млн. доллар сатты

Жыл башынан бери 150 миллиондон ашуун доллар сатылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. 6-февраль, дүйшөмбү күнү, Улуттук банк валюта рыногуна 47,1 миллион доллар сатты.
Адатта башкы банк долларды курсту жөндөө, болбосо дефицит же ашыкча көлөм маселесин чечүү үчүн доллар сатат жана сатып алат.
Доллардын орточо курсу дээрлик өзгөргөн эмес.
Бул үстүбүздөгү жылы жасалган экинчи интервенция, январдын башында рекорддук 104,3 миллион доллар сатылган. Интервенция тууралуу маалыматтарда накталай эмес түрдө жасалган интервенциялар көрсөтүлөрүн эскертебиз.
Өткөн жумада Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллардан ашуун каражат бар экени, анын 40 пайыздайы накталай экени кабарланган.
Кыргызстан банктарындагы насыянын көлөмү 200 млрд. сомдон ашты