БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кайрылуу жасап, жер титирөөдөн жабыркаган жарандарына кандай жардам керектигин жарыялады.
"Жер титирөө катталган аймактарга жардам жөнөтүүнү каалагандар буюм же азык-түлүктөрдү элчилигибизге алып келсе болот. Аны баштыкка салып, ичинде эмне бар экенин жазып коюшу керек. Мүмкүн болсо буюмдар мурда колдонулбаган жана кышка ылайыктуу болушун күтөбүз", — деп жазылган кайрылууда.
Элчиликтин имараты Бишкек шаарынын Москва көчөсү, 89 дарегинде жайгашкан.
Зилзаладан жабыркаган түркиялыктарга керектелүүчү буюм-тайымдар;
кышкы кийим (чоңдор жана балдар үчүн) — пальто, куртка, жамгыр күрмөсү, өтүк, жемпер, шым, кол кап, шарф, топу, байпак, ич кийим;
башка керектүү буюмдар — чатыр, керебет, матрас (чатыр үчүн), жууркан, уктоочу баштык, термос, кол чырак, пауэрбанк;
узак мөөнөткө сактоого ылайыкталган тамак-аш;
балдар азыгы, жалаяк;
тазалык жана гигиеналык каражаттар, аялдардын гигиеналык каражатттары.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Акыркы маалымат боюнча, зилзаладан ал жакта 3 419 киши көз жумуп, 20 534 адам жаракат алганы айтылды.
Түш ченде жер кайрадан титиреген. Мында магнитудасы 7,6га жетти. Түркиялык сейсмологдордун айтымында, зилзаладан Газиантеп шаары көбүрөөк жабыр тартты.
Андан кийин адистер жер улам силкинип жатканын белгилешкен, ал Ливанда, Ирак, Израиль, Грузия, Абхазияда да байкалып, Сочиге чейин жетти.
Кыргызстан Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн 63 куткаруучу жөнөттү.