Түркияда жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачылды

Буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кышкы кийимдер жана керектүү каражаттар чогултулуп жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүү үчүн атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Табигат кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнү каалагандар төмөнкү реквизиттерге сом, доллар жана евро түрүндө акча которо алат.
"Айыл Банк" ААК:
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 "КР финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)" (сом, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду 14411100 – "Учурдагы жардам";
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Маалымат үчүн номерлер:
ӨКМ —112;
КР президентинин администрациясынын кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Президенттин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек маяналарын которушканы айтылды.
Буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кышкы кийимдер жана керектүү каражаттар чогултулуп жатканын билдирген. Кыргызстандын бийлиги Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн 63 куткаруучу жөнөткөн. Эми гумжардам дагы даярдалып жатат.
Түркияда уранды алдында калгандардын 8 миңи куткарылды