"Торугарт" посту убактылуу жабылды

Өткөрмө бекет ачылганда кабар берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. "Торугарт" посту жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул пункт аркылуу жалаң гана жүк ташуучу машиналар өтөт.
Маалыматка караганда, унаа жолдун Кытай тараптагы бир бөлүгүнө тоодон таш түшкөн.
"Учурда Кытай тарап жолду тазалап жатат. УКМКнын Чек ара кызматы жүк ташуучуларды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырат. Өткөрмө бекет ачылганда кабар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Ош облусундагы "Эркеч-Там" пункту адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүп жатат.
Кытай КР жарандарынын кирип-чыгуусу үчүн чек арасын ачты