БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россиянын Сириядагы аскерлери зилзаланын кесепеттерин жоюу иштерине жардам берүүсүн улантууда. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинен кабарлады.
Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы бул боюнча видеону жайгаштырды.
Буга чейин министр Сергей Шойгу Сириядагы россиялык Аскер күчтөрүнө өлкөдө болгон жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштерине жардам кылууга көрсөтмө берген.
"Атайын техникаларды колдонгон бириккен отряд Латакия провинциясындагы калктуу жайлардагы урандыларды текшерип жүрөт. Ар бир жерде атайын даярдыктагы медициналык отряддын кызматкерлер бригадасынын нөөмөтчүлүгү уюштурулган", — деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 6-февралында таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген.
Акыркы маалымат боюнча, зилзаладан Түркияда 3 703 киши каза таап, 22 286 адам жаракат алганы айтылды. Сирияда жер титирөө 800 адамдын өмүрүн алып, 1440ын жарадар кылган.