Россия Бишкекке жугуштуу ооруларды изилдеген борбор курат

Медициналык борбор курулган соң объект жана адистерди окутуу Кыргызстанга өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Россия Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдеген борбор курат. Бул туурасында Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекциялар боюнча республикалык борбордун жетекчисинин орун басары Нурболот Үсөнбаев айтты.
Бул боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрү мурдараак макулдашкан. Объект кыргызстандык медиктердин өтүнүчү менен салынмакчы. Анын Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекциялар боюнча республикалык борбордун базасында Бишкек шаарында тургузулары маалым болду.
Россия тарап жергиликтүү адистерди окутуп, борборду куруп, андан соң Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берет.
"Кооптуу инфекциялар жер тандабайт. Баарыбыз биргеликте болуп, аймактарыбызды сакташыбыз керек", — деген Үсөнбаев.
Кыргызстанда аталган борбор ачылса коронавирус штаммын ошол жерден аныктоого болот. Буга чейин алынган анализдин үлгүлөрү Россия, Германия жана Улуу Британияга жөнөтүлчү.
Россияда "кракен" штаммына каршы вакцинаны иштеп чыгуу башталды