1-февраль күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен ӨКМге 100 техника берилди. Бул тууралуу Ренат Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай техникага ӨКМде муктаждык күч эле.
"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президенттин катышуусу менен бизге 100 техника тапшырылды. Алардын ар биринин өзүнүн аткара турган кызматы бар. 5 тонналык 75 автоунаа, 8 тонналык 10 автоунаа, 50 метрлик өрттү өчүрүүгө багытталган 3 унаа, 10 авариялык унаа жана 2 унаа агитациялык иштерди жүргүзүүгө берилди. Авариялык унаалар кырсык болгон учурда алгачкы жардам көрсөтүүгө жардам берет. Келген техникалардын баары заман талабына жооп берет. Эң эле жакшысы — арасында оор буюмдарды көтөрчү кран бар экен. Биз үчүн ар бир техника өтө маанилүү. Эми жалпысынан кооптуулукту алдын алууга техника жетиштүү деп айта алабыз", — деди Токталиев.
Ал Кытайдан келген техникаларды колдонуу үчүн атайын адистер окуудан өтө турганын кошумчалады.