Радио

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 10 млрд. сомдон ашты

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Амантур Омуров өткөн жылы 116 үй-бүлө ислам принциптеринин негизинде ипотекага үй алганын айтты.
Sputnik
Министрлер кабинети 2022-жылга карата "Менин үйүм — 2021-2026" программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда МИКтин уставдык капиталы 10 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Амантур Омуров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылдын аягында ипотекалык насыялар боюнча катышуучулар үчүн баштапкы төлөмдү 10 пайызга чейин жабуу үчүн Кепилдик фонду менен атайы инструмент киргизилген.
"Министрлер кабинети 2022-жылга карата "Менин үйүм — 2021-2026" программасын ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом бөлүнгөн. Учурда МИКтин уставдык капиталы 10 миллиард сомдон ашты. 2021-жылдын декабрь айынан тарта Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ислам принциптеринин негизинде каржылоо иштеп жатат. Анын алкагында бир жыл ичинде 116 үй-бүлө 351 миллион сомго турак жай сатып алышты. Мунун процедурасы кичине башкача, бирок жыйынтык бар", — деди Омуров.
Ошондой эле адис МИК каржылоо маселеси боюнча эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешип жатканын кошумчалады.