БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 35 миң тоннага чейин сапаттуу бал өндүрүүгө болору Экономика министрлиги иштеп чыккан 2023-2026-жылдарга карата экспорт боюнча улуттук программада (министрлер кабинети беките элек) айтылат.
"Кыргызстанда килограммы 4,3 долларга бааланган же жалпы 150 миллион долларлык 35 миң тоннага чейин сапаттуу бал өндүрүүгө болот", — деп айтылат сунушталып жаткан программада.
Белгилей кетсек, долбоордо кеп жалпы көлөм же экспортко кетчү көлөм тууралуу болуп жатканы такталган эмес.
Ошол эле учурда балчылык тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Маселен, лабораториялар антибиотиктерге керектүү анализдерди жасай алышпайт. Ошондой эле бухгалтердик эсепке алуу жол-жоболорун укуктук жөнгө салуу толук ишке ашпагандыктан экспортко жана 5g формасынын сертификатын алууга тоскоолдук жаратууда. Мындан улам Кыргызстандын бал өндүрүүчүлөрү продукциясын Евробиримдик жана Кытайдын аймагына киргизе албай жатат.
Экспорттогу абал
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын январь-ноябрь айларында 223,1 тонна бал экспорттолгон. Бул — 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 112 тоннага кем көрсөткүч.
Өлкөдө бал өндүрүү боюнча маалыматтар өтө аз. Мисалы, балчылар 2019-жылы 2 миң тонна таттуу азык алынып, анын төрттөн бир бөлүгү экспорттолгондугун айтышкан.