Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси

Белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаров 81 жашында дүйнө салып, сөөгү бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Геннадий Базаров мектепти аяктаган соң "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай катардагы жумушчу, оператордун ассистенти болуп тажрыйба топтоп, 1961-жылы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна режиссёрлукту окуганы жол тарткан. Москвадан жогорку окуу жайда билим алып жүрүп, 23 жашында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде "Саманчынын жолу" тасмасын тартып чоң киного кадам таштаган.
Кийин СССРдин кинематографиясынын отличниги ар кыл жанрдагы "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Көздүн кареги", "Искусство жөнүндө баян", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Нонсенс", "Метаморфоза" өңдүү мыкты эмгектерди камерага түшүрүп, бир катар кинокартиналардын сценарийин жазган.
КРдин эл артистинин "Буктурма" кинофильми СССРде эң популярдуу тасмалардын бири болуп, аны биринчи жылы эле 16,5 миллиондон ашык адам көрүп, ошол кездеги прокаттын лидери аталган.
II жана III даражадагы "Манас" орденин кавалери 6-февраль күнү таңга маал көз жумуп, 7-февралда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
1 / 16

Жаш режиссёр "Кыргызфильмде" эки жылдай жумушчу, ассистент болуп иштеп жүрүп чоң киного аралашкан

2 / 16

Режиссердун "Көчө" тасмасында актриса Мамлакат Кылычева менен

3 / 16

Киночунун актерлук дарамети да күчтүү эле. Базаров "Буктурма" тасмасында өзбек чекистинин образында

4 / 16

Иш маалындагы кызыктуу ирмем. Камеранын жанында отурган оператор Мурат Алиев, ортодо жаш актер, актрисаларга баш-көз болгон кинорежиссёр Геннадий Базаров. Ош шаары, 1972-жыл.

5 / 16

Кинорежиссер Юрий Борецскийдин "Шаркыратма" фильминде Базаров да роль аткарган. Тасмадагы ирмем.

6 / 16

СССРдин кинематографиясынын отличнигинин "Каныбек" тасмасын тартып жаткан учуру. Ортодо атактуу актер Советбек Жумадылов отурат.

7 / 16

КРдин эл артисти 23 жашында Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде тасма жараткан

8 / 16

Базаров "Жаңылуу", "Искусство жөнүндө баян", "Буктурма", "Көздүн кареги", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия", "Метаморфоза", "Карагыз" тасмаларын көрүүчүлөргө сунуштаган

9 / 16

"Чайка" автоунаасынын үстүндө отурган киночулар. Автоунаанын алдыңкы орундугунда кинорежиссер Геннадий Базаров операторлорду башкарып жатат.

10 / 16

Күчтүү сүрөтчү, мыкты сценарист, залкар режиссёр өмүрүн ата мекендик кинематографияга арнады

11 / 16

КРдин эл артисти Геннадий Базаров кесиптештери Актан Арым Кубат жана Манас Мусаев менен. Каракол шаары, 1989-жыл.

12 / 16

Базаров "Приют для совершеннолетних" тасмасына тартылгандарга камеранын алдында иштөөнү үйрөтүп жаткан учур. Каармандар аракечтиктен жабыркаган адамдардын образында.

13 / 16

Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалова, КРдин эл артисти, кинорежиссер Геннадий Базаров жана белгилүү актриса Гүлсара Ажыбекова

14 / 16

Кинематографист башка кесиптештеринен коомдогу көйгөйдү мыкты ачып бере алгандыгы менен айырмаланган. Киночу "Карагыз" фильмине тартылган белгилүү актёр Марат Алышпаев менен.

15 / 16

Режиссёр, байбичеси Райва Тойгонбаева жана кызы Зуура

16 / 16

81 жашында өмүрү менен кош айтышкан кыргыз кино өнөрүнүн корифейи Геннадий Базаровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди

Тема боюнча:
Өмүрүн сахнага арнаган 82 жаштагы дирижер. Сардарбек Жумалиевдин сүрөттөрү
Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү