Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде сквер пайда болот. Эскиз

Абдрахманов көчөсүнө жылууланган, адамдын жүзүн тааный турган камера орнотулган жаңы аялдама курулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Жусуп Абдрахманов (мурдагы Совет көчөсү — ред.) менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода жайлары алынып, анын ордуна сквер салуу пландалууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Жусуп Абдрахманов (мурдагы Совет көчөсү — ред.) менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода жайлары алынып, анын ордуна сквер салуу пландалууда

2 / 3

Аталган иштер борбор калааны көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну колго алуу чараларынын алкагында жасалып жатканы айтылды

3 / 3

Кеп болуп жаткан соода жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Аталган иштер борбор калааны көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну колго алуу чараларынын алкагында жасалып жатканы айтылды.
"Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан №176 үйдүн жашоочулары Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловго сквер салуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Андан кийин көп кабаттуу үйдүн алдындагы жеңил курулуштарды алуу иштери башталган", — деп билдиришти мэриядан.
Кеп болуп жаткан соода жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга соода кылуу үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык түзбөгөн башка жактан жер бөлүп берилери айтылган.
"Киев көчөсүнөн "Ордо" бизнес-борборуна чейинки жолду (Абдрахманов көч. — ред ) бойлото коюлган объектилердин бардыгы алынат", — деп айтышты мэриядан.
Ал эми эскисинин ордуна заманбап, жылууланган, адамдын жүзүн тааный турган камера орнотулган аялдама куруларын билдиришти.
Бишкектеги бузулган колониянын ордуна курула турган кичи райондун эскиздери