Радио

Кыргызстанда биринчи жолу киберспортчуга спорт чебери наамы ыйгарылды

Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков учурда өлкөдө 100дүн тегерегиндеги киберспортчу бар экенин айтты.
Sputnik
Спортчу эл аралык турнирлерде үч ирет биринчи орунду ала турган болсо федерация тарабынан Киберспорт боюнча КРдин спорт чебери наамына көрсөтүлөт. Бул тууралуу Тариэл Болотбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, киберспорт Кыргызстанда жаш спорт болгонуна карабай акыркы убакта жакшы жыйынтыктар болууда.
"2-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов киберспортчу Бакыт Эмилжановду кабыл алып, ага Киберспорт боюнча КРдин спорт чебери наамын тапшырды. Бул Кыргызстандын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык ыйгарылып, Кыргызстандын киберспортунун тарыхында биринчи жолу берилген наам. Азыр КМШ өлкөлөрүндө да мындай наам берилбейт. Негизи ар бир наамды берүүнүн процедурасы болот. Эл аралык турнирлерде үч ирет биринчи орунду ала турган болсо, спортчу федерация тарабынан Киберспорт боюнча КРдин спорт чебери наамына көрсөтүлөт. Бул наам спортчунун кийинки пенсиясына да жардам берет. Андан тышкары, наамдын негизделиши башка спортчуларды, жаштарды шыктантат. Азыр киберспортчу Бакыт Эмилжанов Dota 2 оюну боюнча чеберчилигин көрсөтүүдө. Ал акыркы ирет Team Secret командасынын курамында Dota-2 боюнча The International 2022 дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи. Федерация спортчуга юридикалык жактан колдоо көрсөтүп жатат. Учурда өлкөдө киберспортчулардын саны 100дүн тегерегинде, так саны жок. Анткени бул спортко оюнчулар келип-кетип турушат", — деди Болотбеков.
Ал оюнчулар Киберспорт федерациясынын колдоосу жок өз алдынча эл аралык турнирлерге катышууга мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалады.