Психолог: бактысыз ата-эненин балдары кийин үй-бүлө кура албай кыйналат

Адистин айтымында, ит-мышыктай болуп жашаган ата-эне келечекте балдарынын бактысын байлайт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кичине кезинде ата-энеси бактысыз жашаган, ажырашып кеткен же зордук-зомбулук көргөн бала кийин өз алдынча үй-бүлө курууда чоң кыйынчылыктарга туш болот. Аны кантип жеңүү керектигин психотерапевт Сергей Мартынов РИА Новости агенттигине берген маегинде айтып берди.
Адистин пикиринде, бул учурда көйгөй башкаларда эмес, дал ошол балалыгы кыйынчылыкта өткөн кишиде болот.
“Адатта мындай адамдар башкаларга ишенбейт, жанына жолоткусу келбейт. Анткени алар ата-энемдин тагдырын кайталап калам деп кооптонот. Бирок адам ата-эне менен баланын, дегеле бир адамдын тагдыры экинчисиникине окшошпостугун түшүнүшү керек”, — деди Мартынов.
Ошондой эле психотерапевт мүнөзү катаал атанын колунда чоңойгон кызды мисал келдирди.
“Аракеч же аялга кол көтөргөн атаны көрүп чоңойгон кызды алалы. Анда эркектин баары аялын сабайт, арак ичет, акча таппайт, балдарына күн көрсөтпөйт деген түшүнүк калыптанат. Бирок ал эркектин баары андай эмес экенин, аны сыйлап, кадырына жете ала турган жигиттер бар экенин өзү түшүнүшү керек”, — деди адис.
Эгер ага алы жетпесе, психологдорго кайрылып жардам алуу керектигин кошумчалады.
Эзели келин жактырбаган кайнене менен тил табышса болобу? Адистин жообу