Түркияда уранды алдында калгандардын 8 миңи куткарылды

Акыркы маалыматтарга караганда, зилзаланын кесепетинен алты миңге чукул имарат кыйраган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Түркиядагы катуу жер силкинүүдөн кийинки издөө-куткаруу иштеринин жыйынтыгында ар кайсы аймактардан сегиз миңден ашык адамдын өмүрү сакталды. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдиргенин РИА Новости жазды.
"Уранды алдында калган сегиз миңден ашык адам куткарылды. Ал эми кыйрап калган имараттардын саны 5 775ти түздү", — деди Октай.
Вице-президенттин айтымында, Хатай, Кахраманмараш жана Адыяман аймактарына транспорттордун кирип-чыгышына 48 саатка тыюу салынды. Жол жардам жеткирип келе жаткан жүк ташуучу машиналарга гана ачык.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,4кө жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Акыркы маалымат боюнча, зилзаладан ал жакта 3 419 киши көз жумуп, 20 534 адам жаракат алганы айтылды.
Түш ченде жер кайрадан титиреген. Мында магнитудасы 7,6га жетти. Түркиялык сейсмологдордун айтымында, зилзаладан Газиантеп шаары көбүрөөк жабыр тартты.
Андан кийин адистер жер улам силкинип жатканын белгилешкен, ал Ливанда, Ирак, Израиль, Грузия, Абхазияда да байкалып, Сочиге чейин жетти.
Кыргызстан Түркияга жер титирөөнүн кесепетин жоюуга жардамдашуу үчүн 63 куткаруучу жөнөттү.
Жардам күтөбүз. Түркиянын Бишкектеги элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды