Караколдо аялды баласы менен уурдап кеткендер кармалды

Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Каракол шаарында аялды баласы менен уурдап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-февраль күнү милицияга аял киши кайрылып, белгисиз адамдар анын 19 жаштагы А.Р. аттуу сиңдисин бир жаштагы баласы менен машинага салып уурдап кеткенин кабарлаган. Буга байланыштуу "перехват" планы жарыяланган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында "Аалам ордо" аймагынан машина токтотулуп, айдоочу менен жүргүнчүлөр милицияга жеткирилген.
"Алдын ала сурак учурунда 19 жаштагы аялды анын 27 жаштагы К.Э. аттуу мурдагы күйөөсү менен 55 жаштагы К.Ж. аттуу кайнатасы алып кеткени аныкталды. Алар аял менен баланы өздөрүнүн үйүнө алып барууга аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет.
Милициядан качып кырсыктагандар адам уурдап баратканы айтылды