Атактуу режиссер Геннадий Базаровдун сөөгү жерге берилди

Кыргыз киносунун корифейи 81 жаш курагында дүйнө салган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаровдун сөөгү жерге берилди.
1 / 4

Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаровдун сөөгү жерге берилди

2 / 4

Залкар талант менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-февралда, саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү

3 / 4

Тажияга маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер катышты

4 / 4

Андан соң Базаровдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Залкар талант менен коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-февралда, саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Тажияга маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, Жогорку Кеңештин депутаттары жана коомдук ишмерлер катышты. Андан соң Базаровдун сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Кыргыз киносунун корифейи Геннадий Базаров 6-февраль күнү таңга маал 81 жашында дүйнө салган. Режиссёрдун буга чейин ооруп жүргөнү айтылды.
Базаров — "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи. "Саманчынын жолу" баштаган шедевр чыгармалардын режиссёру. Ал өмүрүнүн 65 жылдан ашуун мезгилин кино тармагына арнаган.
Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. СССРдин кинематографиясынын отличниги атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Il жана Ill даражадагы Манас орденинин ээси.
Өнөр даткасы өлгөндөй... Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнатынан видео