Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты. Видео

Бүгүн, 7-февралда, Улуттук опера жана балет театрында Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Базаров — "кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири, кыргыз кино өнөрүнүн корифейи.
Ал атактуу "Саманчынын жолунан" башка "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты фильмдерди жараткан.
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси