Тишке кам көрүүдө аны тамак ичкен сайын паста менен жууп туруу сунушталат. Бирок бул жерде тиш жуучу каражатты туура тандоо өтө маанилүү. Анткени тиштин эмалына доо кетирип албоо керек. Бул тууралуу Нургазы Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айрым адамдарга тишти бат-бат жууш сунушталбайт.
"Тишти күнүнө үч маал тамак ичсек, үч маал кадимкидей эле тиш жуучу каражаттарды колдонуу менен жууп туруу керек. Бирок пастаны туура тандап алуу маанилүү. Анын сапаты көп учурда наркынан көз каранды эмес. Тишти жууган соң таза чайкасак деле ооздо даамы калса, демек, бул начар тиш жуучу каражат. Адатта адамдар сергип калдым деп мындай даамдарга кубанышат. Бирок ошол учурда биздин тиштерибиздин эмалына доо кетип жаткан болот. Мыкты каражат деп тишти жууп-чайкаган соң ооздо эч кандай жыт, даам калбагандарын атайбыз. Азыркы учурда көбүнесе эртең менен жана кечинде гана тиш жуулат. Эгер түштө паста менен жууп турууга мүмкүнчүлүк жок болсо, оозду суу менен чайкап коюуну унутпаш керек. Ар бир тамак ичкен сайын бул жөрөлгөнү кайталап турууну адатка айлантып алыңыз. Айрым адамдарга бул эрежелер туура келбейт. Мындайда стоматологдор өздөрү деле тиш пастасын аз колдонууну сунуштайт. Тиштин сапатын жылына эки ирет текшертип туруу абзел", — деди Каримов.
Стоматолог тиштин сапаты биринчи кезекте генетикадан, экинчиден, кам көрүүдөн көз каранды экендигин кошумчалады.