Апрелде беш облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт

Шайлоо айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Шайлоо өтө турган кеңештердин тизмеси:
Нарын
Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештери.
Баткен
Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештери.
Ош
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңеши, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңеши, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңеши, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңеши.
Талас
Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештери.
Чүй
Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңеши, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңеши.
"Ынтымак" фракциясынын лидери: жайнаган мыйзамдын ордуна 30 кодекс сунуштадык