Пилот АКШнын аба базаларынын асманындагы өзгөчө көрүнүштөр тууралуу айтты

Учкуч анын кесиптештери да АКШнын базасынын үстүнөн учуп өткөн НЛОну көрүшкөнүн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. АКШнын аскердик объектилеринин үстүнөн ар кайсы жылдары "белгисиз өзгөчө көрүнүштөр" байкалып турат. Бул туурасында The Hill басылмасына отставкадагы офицер, истребитель башкарган Райан Грейвс айтып берген.
"Биздин аскердик объектилердин жана полигондун үстүнөн маал-маалы менен өзгөчө мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн объектилер учуп өтүп турат. Алардын ким экендигин билбейбиз. 2014-2015-жылдары мени менен кошо кызмат өтөгөн 50-60ка чукул киши да мындай нерсени байкагандыгын айтып бере алышмак. Белгисиз өзгөчө көрүнүштөр — улуттук коопсуздуктун көйгөйү. Негизи алар тууралуу болушунча эртерээк маалымат топтоп билишибиз керек эле", — деген Грейвс.
Өткөн аптада АКШнын Улуттук чалгын кызматы өзгөчө көрүнүштөр тууралуу экинчи отчетун жарыялаган. Анда 2022-жылдын 30-августуна карата америкалык бийлик тарабынан НЛО пайда болгон 500гө чукул учур катталганы баяндалган.
Алардын көбүн Аскер-деңиз күчтөрү менен Аскер-аба күчтөрүнүн учкучтары көргөн. НЛО менен бир дагы аба кемесинин кагылышы катталган эмес.
АКШда өлкөнүн өзөктүк программаларын НЛО өчүрүп салганы айтылды