9 жыл мурда Сочиде өткөн олимпиада. Жагымдуу ирмемдердин видеосу

Мындан тогуз жыл мурда ушул күнү, 7-февралда, Сочи шаарында Россиялык кышкы олимпиада оюндары башталып, 23-февралда соңуна чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Спорттук ири иш-чарага 88 мамлекеттен 2 780 спортчу келген. Олимпиада көрөрмандарынын эсинде эмнелер калганын төмөндө кайрадан көңүл коюп карап чыгууну сунуштайбыз.
Бул максатта Ближнее зарубежье Telegram-каналы тарыхый спорттук бул ири окуяны баяндаган видео жарыялады. Ал негизинен жакынкы чет өлкөлөргө багытталган.
Россиянын курама командасына 225 катышуучу мамлекет кирди. Бул ирет башка кышкы оюндарга салыштырмалуу бир топ эле көп болду. Өлкө медалдык эсепте биринчи орунду ээлеген.
Беларусь дагы өзүнүн олимпиадага катышкан тарыхында мыкты көрсөткүчтү жаратты. Алардын байге куржунуна беш алтын, бир коло медаль түштү.
Украиналык олимпиадачылар 20 жыл мурдагы ийгилигин жаратып, бир алтын, бир коло медалдуу болду.
Латвия спорттун 9 түрү боюнча 58 спортчуну жөнөткөн. Алар да күмүш жана коло медалдарга ээ болду.
Казакстан 58 спортчу менен катышкан. Денис Тен аттуу спортчу улан музду көркөмдөп тебүү боюнча коло медаль утуп алган.
СССРде өткөн Олимпиада-80. Тарыхый видео