8-февралга карата аба ырайы

8-февралга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Шаршембиде Ош, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, ал эми Нарында 0...-5 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +6...+8 жана Ош калаасында +9...+11 градусту көрсөтөт.
Бишкектеги батирлердин баасы. Январдагы нарк боюнча инфографика