БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөө боюнча көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
"2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.
Зилзала бүгүн таңда болуп, акыркы маалымат боюнча каза болгондордун саны 900дөн ашты.