Жалал-Абадда 3 млн. сомдой опузалады деп кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео

Шектүү жаран 12-мартка чейин тергөө абагына киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Опузалап акча талап кылган деген шек менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү А.Р.Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ал Жалал-Абад шаарында жабырлануучудан 120 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Кармалган адам коркутуу жолу менен калаа тургунунан 2 миллион 900 миң сом беришин талап кылган.
1 / 3

Опузалап акча талап кылган деген шек менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү А.Р.Б. кармалды

2 / 3

Ал Жалал-Абад шаарында жабырлануучудан 120 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн

3 / 3

Кармалган адам коркутуу жолу менен калаа тургунунан 2 миллион 900 миң сом беришин талап кылган

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козголду. Шектүү А.Р.Б. 12-мартка чейин тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМКнын Жалал-Абад облустук башкы башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан жабыркагандар болсо кабарлоого чакырды.
УКМК: “Коррупцияга каршы элдик кыймылдын” башчысы пара алып жатып кармалды