Түркиядагы зилзаланын эпкини Сириянын шаарларына жетип, имараттар урады

Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш провинциясында экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Сириянын түндүгүндөгү Алеппо шаарында зилзаланын кесепетинен бир канча имараттар урап калды. Бул тууралуу РИА Новости аталган өлкөнүн мамлекеттик "Сурия" телеканалына шилтеме кылып кабарлады.
Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору (EMSC) таңга маал Түркиянын Газиантеп шаарынын айланасында магнитудасы 7,5 болгон зилзала катталганын маалымдаган. Зилзаланын очогу Кахраманмараш провинциясында экени айтылды. Жалпысынан жер төрт ирет титиреген.
"Алеппонун Фардус, Салахетдин жана Бустан аль-Каср сыяктуу бир нече райондорунда имараттар көп талкаланды", — деп айтылган маалыматта.
"Аль-Ватан" гезити Хама шаарындагы Аль-Арбаин кварталында бир канча объектилер кыйраганын, куткаруучулар урандылардын алдынан жабырлангандарды алып чыгып жаткандыгын кабарлады. Буга чейин РИА Новостинин маалымат булагы Сириянын Латакия аймагында кыйроолор болгонун айткан эле.
Түркияда катуу жер титиреп, үйлөр кыйрады. Видео